Бишкекте жаңы автобустук каттам пайда болду.
Мэриядан билдиришкендей, бүгүнтөн тарта ордо калаа жүргүнчүлөрү үчүн №17Т автобусу жүрөт. Ал ушул эле номер алдында буга чейин каттаган троллейбусту алмаштырат. Анын каттамы 12-кичи райондо башталып, шаар аралап Кожзаводго чейин барат.



