Бишкекте жаңы көп функционалдуу спорттук аянтча ачылды

Бишкекте жаңы көп функционалдуу спорттук аянтча ачылды.

 

Мэриядан билдиришкендей, ал Абдрахманов менен Самойленко көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашат. Анда кичи футбол жана баскетбол аянтчалары, воркаут зонасы, балдар аянтчалары жана чуркоо жолдору бар.

 

Аймакка жарыктандыруу орнотулуп, көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү. Долбоор жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланды.