Бишкекте жаңы медициналык шаарча курулгандан кийин ага көчүрүлгөн ооруканалардын эски имараттары жабылат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Дамирбек Осмонов билдирди.
Анын айтымында, бошогон жер тилкелери жеке инвесторлорго өткөрүлүп берилип, аларды кандай максатта пайдаланууну инвесторлор өздөрү чечет. Эске салсак, жаңы медициналык шаарчага кардиология, трансплантология, фтизиатрия борборлору жана Улуттук госпиталь жайгаштырылат.



