Бишкекте жакынкы үч күндө унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет

Бишкекте жакынкы үч күндө унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул ички иштер министрлеринин эл аралык кеңешмесине байланыштуу.

 

Ага ылайык, 6-июнга чейин Фучик көчөсүндө жана “Манас” аэропортуна алып баруучу жолдо жол тыгындары күтүлөт.

 

Ошондой эле Чүй проспектинде, Манас проспектинде жана Байтик Баатыр көчөсүндө унаалардын өтүүсүнө чектөө коюлат.

 

Айдоочулар маршруттарын алдын ала пландаштырып алуусу керек.