Бишкекте жарандык авиациянын кызматкерлерине үйлөрдүн курулушу башталды.
Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” компаниясынан билдиришти. Жалпысынан Мамлекеттик ипотекалык уюм тарабынан 9 кабаттуу 23 турак-жай блок салынат, аларда 1 миң 35 батир болот. Турак-жай комплексинде заманбап балдар аянтчалары, эс алуу аймагы жана унаа токтотуучу жай каралат.



