Бул тууралуу мэрия билдирди.
Муниципалитет президенттин “Бишкек шаарынын жол-транспорт системасын өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгынын долбоору боюнча түшүндүрмө берип, анда адамдарга менчик машинени пайдаланууга чектөө киргизүү же тыюу салуу боюнча ченемдер жок экенин кабарлады.
29-июлда жарыяланган документте Бишкек башында 50 миң автоунаага гана эсептелгени, азыр шаарга башка аймактардан кирген машинелерди эсепке албаганда да Бишкектин өзүндө эле 400 миң унаа катталганы жазылган.
Мэрия коомдук транспортко артыкчылык берип, шаардын тыгын көп болгон аймактарында акырындык менен жеке транспортту колдонууга чектөө киргизүү саясатын ишке ашыруу тууралуу да жазган. Бул коомчулукта сын-пикирди жараткан.



