Бишкекте жеке турак жайларды сатуу тууралуу жарыя такталарынын жаңы бирдиктүү эскиздик долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Демилгенин максаты — ордо калаада бирдиктүү визуалдык стилди камсыз кылуу. Бул үлгү жеке турак жай курулуш объектилерине гана тиешелүү болот. Эскиздик долбоор бекитүү үчүн тиешелүү шаардык кызматтарга жөнөтүлдү, — дешти ведомстводон.



