Бишкекте жер мунапысы боюнча арыздар түнкү 12ге чейин кабыл алынат

Бишкекте жер мунапысы боюнча арыздар түнкү 12ге чейин кабыл алынат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, жарандар жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаментине кайрылышы керек.

 

Дареги — Тунгуч кичирайону, 57. Ошондой эле арыздар Бишкек шаарынын төрт акимчилигинде жана муниципалдык аймактык башкармалыктарда күнү-түнү кабыл алынат. Эске салсак, бүгүн жер мунапысына арыздарды кабыл алуунун акыркы күнү.