Бишкекте жол эрежелерин билүүгө экзаменди жасалма интеллект кабыл алат

Бишкекте жол эрежелерин билүүгө экзаменди жасалма интеллект кабыл алат. Президенттин иш башкармалыгынан билдиришкендей, ордо калаада теориялык экзамен кабыл алуу боюнча борбор ачылып, анда 6 сынактык кабинет бар.

 

Борбордун ишинде алдыңкы технологиялар, жасалма интеллект, тынымсыз иштеген видео байкоо камералар колдонулат. Мындай чара экзамен кабыл алуу процессин ачык жана заманбап кылат.