Бишкекте жылуулук менен камсыздоону борборлоштуруудан арылтуунун биринчи этабына 187,8 миллион сом бөлүндү.
Бул тууралуу шаар бийлиги билдирди. Долбоор 10-кичи районду, “Куруучулар шаарчасын” жана “Энергетиктер шаарчасын” камтыйт.
Бул аймактарда жалпысынан 7 миң 346 абонент бар. Тургундар үчүн жалпы кубаттуулугу 52 мегаватт болгон эки газ казаны курулууда. Алардын даярдыгы 90 пайызга жакындады. Объектилерди жылытуу сезону башталганга чейин ишке киргизүү пландалууда. Мэриянын маалыматына караганда, бул аймактар борборлоштурулган жылуулук системасынан алыс жайгашкандыктан тандалган.



