Бишкекте жылуулук түтүгүндө катталган авариялык кырдаал жөнгө салынууда

Бишкекте 7-Апрель көчөсүндөгү жылуулук түтүгүндө катталган авариялык кырдаал жөнгө салынууда. Мэриядан билдиришкендей, эски түтүк убактылуу өчүрүлүп, аны альтернативдүү түтүккө кошуу иштери жүргүзүлдү.

 

Маалыматка ылайык, бул учурда шаар тургундарына жылуулук берүү токтотулган жок. Бирок жылуу суу кыска мөөнөткө өчүрүлүп, азыркы тапта этап-этабы менен берилүүдө.

 

Диаметри 900 миллиметр болгон жылуулук түтүгүндө авариялык мүчүлүштүк Медеров жана Ахунбаев көчөлөрүнүн ортосундагы тилкеде катталган.

 

«Жаңы түтүктү орнотуу иштерин бир күндүн ичинде аяктоого бардык зарыл чаралар көрүлөт»,-деп айтылат мэриянын маалыматында.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.