Бишкектеги 10-кичи райондун бир бөлүгүндө суу өчөт

12-августта Бишкектеги 10-кичи райондун бир бөлүгүндө суу өчөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, суу саат 09:00дөн саат 17:00гө чейин 10-кичи райондогу откананын суу түтүгүндө оңдоо иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу жок болот.

Бишкек мэриясы жашоочуларды жана уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап коюуну суранат.