Бишкектеги №46 мектепке 450 орундуу кошумча корпустун курулушу уланууда

Бишкектеги №46 мектепке 450 орундуу кошумча корпустун курулушу уланууда.

 

Долбоор мамлекеттик бюджеттен каржыланып, мектеп заманбап үлгүдө салынат. Башкы план боюнча имараттын аянты 4 миң 700 чарчы метрди түзүп, 4 блоктуу  3 кабаттан турат. Мектепте заманбап негизги окуу класстар, лаборатория, китепкана, эмгек кабинеттер, жыйындар залы, ашкана жана бардык шарттары менен спорт залы каралат.