Бишкектеги Айтматов проспектине дагы үч жер өтмөк салынат. Бул тууралуу ордо калаанын вице-мэри Рамиз Алиев билдирди. Анын айтымында, өтмөктөр Айтматов проспектинде, Абдрахманов көчөсүнө жетпей жана андан өткөндөн кийин болуп үч жерде пайда болот.
Эске салсак, Айтмактов проспектинин Ахунбаев көчөсүнөн жогору жагы жакында эле оңдолуп ачылды. Элдин жолдон өтүүсү үчүн жер өтмөк салынып жатат.



