Бишкектеги Ала-Тоо аянтында 17 жана 18-июлга белгиленген музыкалык кечелер өткөрүлбөйт

Бишкектеги Ала-Тоо аянтында 17 жана 18-июлга белгиленген музыкалык кечелер өткөрүлбөйт. Мындай чечим абанын температурасы жогорулап, жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында кабыл алынганын мэриядан билдиришти.

 

Муниципалитет тургундарды аптаптуу күндөрү күн алдында көп жүрбөөгө, көбүрөөк суу ичип, ден соолугуна кам көрүүгө чакырат.