Бишкектеги автобустарда накталай төлөм толук жоюлбай калды

Бишкектеги автобустарда накталай төлөм толук жоюлбай калды.

 

Бирок билетти айдоочудан түз сатып алгандар үчүн жол кире 60 сом болушу мүмкүн. Мэриянын планына ылайык, автобустарга жана аялдамаларга накталай акчага билет саткан аппараттар орнотулуп, контролёрлор иштейт.

 

Телефону же банк картасы жок жүргүнчүлөр билетти айдоочудан да сатып ала алышат, бирок мындай учурда жол кире кымбатыраак болот. Андан тышкары, шаардагы 72 каттамдын ар бирине кеминде бештен төлөм терминалын орнотуу пландалууда. Ири жана борбордук аялдамаларда алардын саны көбүрөөк болот.