Бул үчүн шаардык бюджеттен 144 миллион сом бөлүнөт.
Мындай чечим жай мезгилинде коомдук транспорттогу ысыкка байланыштуу тургундардын көптөгөн даттанууларынан кийин кабыл алынган.
Кондиционерлер буга чейин сатылып алынган кытайлык автобустарга коюлат. Тендердин шарттарына ылайык, жабдуулар сөзсүз түрдө сертификатталган болушу керек, ал эми жеткирүүчү компания алардын кепилдик тейлөөсүн камсыздоого милдеттүү.



