Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Объекттин курулушу ушул жылдын февраль айында башталган. Бүгүнкү күндө имараттын экинчи кабатынын колонналары орнотулууда.
Долбоор конуштагы мектеп тартыштыгын жоюуга жана социалдык инфратүзүмдү жакшыртууга багытталган.


