Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу текшерилүүдө

Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу текшерилүүдө. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Текшерүү учурунда көчмө лабораториянын адистери объекттеги бетондун сапатына карата тиешелүү сыноолорду өткөрүп жатат.

 

Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча курулуш материалдарынын ченемдик талаптарга шайкештиги тууралуу корутундулар берилет.