Бишкектеги Киев көчөсү 10 күндөн кийин реконструкцияга жабылат. Буга чейин мэрия Киев көчөсү Бейшеналиевадан Абдрахмановго чейин реконструкцияланарын билдирген.
Долбоордун жалпы баасы 5,5 миллион долларды түзүп, 2028-жылга чейин созулат.
Анын алкагында реконструкциядан кийин жолдун эки тилкеси коомдук транспорт үчүн бөлүнүп, ал эми үчүнчү тилке менен жеңил унаалар жүрөт. Ошондой эле жолдун бир тарабындагы тротуар велосипедчилер үчүн болсо, экинчи тарабы жөө жүргөндөр үчүн каралган.



