Бишкектеги “Кудайберген” базарында ири өрт чыкты

Бишкектеги “Кудайберген” базарында ири өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, тилсиз жоо тууралуу билдирүү түнкү саат 3тө түшкөн. Жеринде 12 өрт өчүрүү бригадасы тартылып, таңкы 6да өрт чектөөгө алынды.

 

Жалын болжол менен 3 миң чарчы метр аянтты жок кылды. Алдын ала маалыматка ылайык, жабыркагандар жок.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.