Бишкектеги Махатма Ганди көчөсүндө унаа кыймылына чектөө киргизилет

Бишкектеги Махатма Ганди көчөсүндө унаа кыймылына чектөө киргизилет.

 

Муниципалитеттен билдиришкендей, оңдоо иштерине байланыштуу 8-сентябрдан тартып Ахунбаев көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейинки бөлүгүндө транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөө кирет. Тыгындарды алдын алуу максатында айдоочуларга башка каттамдарды түзүп алуу сунушталат.