Бишкектеги Өскөн-Ордо конушунда 750 орундуу мектептин курулушу уланууда

Бишкектеги Өскөн-Ордо конушунда 750 орундуу мектептин курулушу уланууда. Учурда ички жасалгалоо жана инженердик тармактарды орнотуу иштери жүрүп жатат.

 

Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, жаңы мектеп пайдаланууга берилгенден кийин конуштагы окуучу орундардын тартыштыгы азайып, балдар заманбап шартта билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.