Бишкектеги Свердлов районундагы №32 мектептин жаңы эки кабаттуу корпусу курулуп бүттү. Имарат 250 окуучуга ылайыкталган жана жаңы окуу жылына даяр. Курулуш республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү.
Жаңы корпус быйыл ордо калаада президенттин тапшырмасы менен курулуп жаткан 20 мектептин бири.



