Бишкектеги жаңы автобекет күз айларында ишке кирет. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев билдирди. Анын айтымында, бекеттин ачылышы алгач май-июнь айларына пландалган, бирок айрым маселелерге байланыштуу жана курулуш, ыңгайлуу шарттарды түзүү иштерди толугу менен аягына чыгарып, объектти күзүндө ачуу пландалууда.
Эске салсак, былтыр 23-октябрдан тартып Батыш автобекети ишин токтоткон. Жаңы автобекет “Аккула” ат майданы жайгаша турган аймакта курулары жарыяланган.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



