Бишкектеги жаңы автобекеттин курулушу быйыл августка чейин аяктайт

Бишкектеги жаңы автобекеттин курулушу быйыл августка чейин аяктайт.

 

Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынан билдиришти.  Тогуз блоктон турган комплексте айдоочулар жана кызматкерлер үчүн мейманкана, күтүү залы, перрон, административдик имарат, соода сатык жайлары, шаар аралык жана эл аралык автобустар токтоочу жана башка унаалар үчүн өзүнчө токтотуучу жайлар бар.