Бишкектен 70 чакырым аралыкта жер титирөө катталды

Бүгүн саат 13:17де Кыргызстанда күчү очогунда болжол менен 4 балл болгон жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту кабарлады.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, тактап айтканда:

  • Таш-Дөбө айылынан түндүк-чыгышты көздөй 27 км алыста,
  • Кара-Мойнок айылынан түндүк-батышты көздөй 34 км алыста,
  • Бишкек шаарынан түштүк-чыгышты көздөй 70 км алыста жайгашкан.

Жер титирөөнүн калктуу конуштардагы сезилүү интенсивдүүлүгү Кара-Мойнок, Таш-Дөбө жана Дон-Алыш айылдарында 2,5 балл болду.

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.