Бишкекти 200 миңден ашык түп жоогазын кооздойт

Келерки жазда Бишкекти 200 миңден ашык түп жоогазын кооздойт. Мэрия күзгү гүл эгүү иштерин баштады.

 

Агрономдор кызыл, кызгылт, ак, сары жана кызгылт көк түстөрдөгү сортторду эгет. Мындан тышкары, планга 2 миң жаңы декоративдик түрдөгү гүл отургузуу каралган.

 

Гүл композициялары шаардагы негизги жерлерде — борбордук көчөлөрдө жана аянттарда, айланма жолдордо жана парктарда жайгаштырылат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.