Бишкекти коомдук транспорт менен толук камсыздоо үчүн дагы 600–650 автобус керек.
Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев билдирди. Анын айтымында, учурда шаарда күн сайын 1 миң 500дөн ашык автобус каттайт.
Бирок жакынкы калктуу конуштар борборго кошулуп, каттамдар шаардын четине чейин узартылгандыктан, транспортко болгон муктаждык өстү. Мэр белгилегендей, өзгөчө жаңы конуштардын тар көчөлөрүндө жүрүүгө ыңгайлуу сегиз метрлик чакан автобустар зарыл.



