Бишкекте 31-июль жана 1-август күндөрү саат 19:00дө Ала-Тоо аянтындагы фонтан аймагында ачык асман алдындагы музыкалык кечелер өтөт.
Мэриядан билдиришкендей, кечеде кыргыз эстрада ырчылары жана чыгармачыл топтор өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Кеченин конокторун сүйүктүү музыкалык чыгармалар, майрамдык маанай жана концерттик программалар күтөт.



