Бишкектин айланасында шакекче жол түзүү пландалууда. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев билдирди. Анын айтымында, чыгыш жана түштүк айланма жолдор кийин бир шакекке бириктирилет.
Муну менен жол түйүндөр пайда болот. Учурда жол кызматтары тиешелүү иштерге даярдык көрө баштады. Бүгүн Калинин көчөсү ачылат, андан кийин Ауэзов көчөсүндө ремонт жүргүзүлөт, аталган багыттар чыгыш айланма жолдун бир бөлүгү болуп, ордо калаанын түштүк тарабы менен бириктирет, — деди Жунушалиев.



