Бишкектин айрым жерлеринде 24-сентябрда суу болбойт

Бишкектин айрым жерлеринде 24-сентябрда суу болбойт.

 

Калаа мэриясы 24-сентябрда саат 9:00дөн 21:00гө чейин Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөрүн эскертти.
Бул күнү «Бишкек суу канал» муниципалдык ишканасы «Көк-Жар» суу алгычындагы суу түтүктөрүн оңдойт.

Суу өчүрүлө турган аймактар:

Темир жол линиясы — Фрунзе көчөсү — Аламүдүн суусу — Панфилов көчөсү;
Темир жол линиясы — Матросов көчөсү — Горький көчөсү — Гвардейский көчөсү — Бектенов көчөсү — Скрябин көчөсү — Мавлянов көчөсү — 7-Апрель көчөсү.
«Бишкек суу канал» келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаардыктардан кечирим сурайт жана элди сууну алдын ала камдап алууну суранат.