Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу өчүрүлөт

29-октябрда Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу өчүрүлөт.

 

Муниципалитеттен билдиришкендей, эртең мененки саат 9дан түнкү 11ге чейин Алыкулов – Кустанай көчөсү – Ала-Арча суусу – Рыскулов– Интергельпо көчөсү – Темир жол тилкеси менен чектелген аймакта, ошондой эле Юбилейный – Горький көчөсү – Садовый менен чектелген аймакта, Аскер шаарчасы, Кызыл Аскер, 110 квартал конуштарында, Достук кичи районунда суу болбойт.

 

Мунун себеби суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.