Бишкектин айрым жерлеринде ысык суу болбойт

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде ысык суу болбойт.

 

Муниципалитеттен билдиришкендей, суу берүү Фрунзе көчөсүндөгү капиталдык курулуштун алкагында жылуулук тармактарын кайра улоо жумуштарына байланыштуу өчүрүлдү.

 

Аталган аймакта кечки саат сегиз жарымга чейин суу берүү токтотулду.