Бишкектин Арча-Бешик конушунда жаңы бала бакча пайдаланууга берилди.
Муниципалитеттин маалыматына ыдайык, эки кабаттуу имарат оюн жана уктоо бөлмөлөрү, ашкана, даярдоо жана таратуу бөлмөсү, идиш жууучу жай, кампалар, медициналык кабинет, дезинфекциялоо бөлмөсү, кир жуу бөлмөсү жана санитардык түйүндөрдөн турат. Бала бакчада бардык шарттар түзүлүп, ал бөбөктөрдү кабыл алууга даяр.



