“Тулпар” картасын колдонгондор биринчи автобуска түшүп, акча төлөгөндөн кийин 1 саат ичинде муниципалдык коомдук транспортто бир нече жолу бекер жүрө алышат. Система кандай иштей турганын Novosti.kgге долбоордун директорунун орун басары Бекжан Акматбеков түшүндүрүп берди.
“Биринчи төлөм жүргүзгөндөн кийин картадан 17 сом алынат, андан кийин системада 60 мүнөттүк таймер башталат. Ошол 60 мүнөттүн ичинде экинчи, үчүнчү жолу жол жүргөндө башка төлөм алынбайт. Картаны сөзсүз түрдө валидаторго тийгизип өтүш керек. Болгону картадан акча алынбайт”.
Белгилеп кетсек, биринчи төлөм боюнча система картадан акчаны дароо албашы мүмкүн. Жолгире төлөнгөнү тууралуу маалымат жарым сааттан бир саатка чейинки убакытты алышы ыктымал. Тагыраагы, транзакцияларга убакыт талап кылынат.



