Бишкектин автобустарында түнкү каттамдардын саны көбөйүшү мүмкүн

Бишкектин муниципалдык коомдук транспортторунда түнкү каттамдардын саны көбөйүшү мүмкүн. Бул тууралуу Novosti.kgге “Тулпар” долбоорунун директорунун орун басары Бекжан Акматбеков билдирди.

 

“Түнкү каттамдарга алты маршрут кирген, ар биринде үчтөн автобус бар. Дагы биздин кесиптештер анализ кылып, балким автобустарды көбөйтүшөт”.

 

Белгилеп кетсек, түнкү каттамдарда накталай төлөм убактылуу калтырылды. Аларда жол кире накталай эмес 70 сом, накталай 90 сомду түзөт. Пилоттук биринчи этапта №3, №16, №19, №35, №45 жана №56 автобустар каттамга чыгып, таңкы саат 5ке чейин жүргүнчү ташып жатат.