Бишкектин басымдуу бөлүгүндө ичүүчү суу берүү токтотулат

Бишкекте 9-июлда саат 09:00дөн түнкү 10-июлга караган түнү саат 03:00гө чейин (18 саатка) ичүүчү суу өчүрүлөт.

Мэриядан билдиришкендей, турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, ооруканаларда жана башка социалдык объектилерде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.

Суу өчүрүлө турган аймактардын тизмеси:

  • «Чыгыш-5» кичи району;
  • Алма-Ата көчөсү, Абдрахманов көчөсү;
  • Элебесов көчөсүнөн Аул көчөсүнө чейинки аймак;
  • Чоң Чүй Каналы (ЧЧК), Бакай-Ата көчөсү, Луганская, Лермонтов, Ж. Баатыр көчөлөрү;
  • «Мадина» базары;
  • Лебединовка айылы – Киров көчөсү боюнча Чоң Чүй каналынан дан Калинин көчөсүнө чейин суу жок болот.