Бишкектин батышында сейил бак ачылды

Бишкектин батышында Мурманск жана Абакан көчөлөрүнүн ортосунда сейил бак ачылды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан кабарлашты.

 

Маалыматка ылайык, эки жарым гектар аянттагы сейил бакка 150дөн ашык дарак отургузулуп, балдар аянтчасы, чуркоо жолу курулган.

 

Ушул эле күнү аталган сейил бактын жанында Ден соолукту чыңдоо комплекси да ачылды. Бул комплекске куудул Жаныбек Алыкуловдун ысымы берилген.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.