Бишкектин бир бөлүгүндө газ берүү убактылуу токтотулат.
“Бишкекгаз” кызматынын маалыматына караганда, көгүлтүр от 19-августка чейин Чоң Чүй каналы, Ала-Арча айылы, Лев Толстой, Алыкулов, Киров, Фрунзе, Дэн Сяопин, Патрис Лумумба, Фучик жана Жамгырчинов көчөлөрү менен чектелген аймактарда өчүрүлдү. Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.



