Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү мамлекеттик органдардын жана ооруканалардын имараттары, ошондой эле алар жайгашкан жер тилкелери инвесторлорго өткөрүп берилиши мүмкүн.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Мындай чечим Бишкекте заманбап административдик комплекстерди жана жаңы медициналык шаарчаны куруу долбоорлорун тездетүү максатын көздөйт. Инвесторлор менен өкмөт тендер же аукцион өткөрбөстөн, түз сүйлөшүүлөр аркылуу келишим түзө алат.



