Бишкек шаарынын жаңы башкы планына ылайык, калаанын борбордук бөлүгүндө көп кабаттуу үйлөргө чектөө киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Novosti.kgге курулуш жана архитектура башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Азирет Азимов билдирди.
Бүгүнкү күндө жылына 500-600 миң кв метр үй эксплуатацияга берилип жатат. Бул эбегейсиз көп көлөм. Мындан да көп өсүш пландалууда. Ошондуктан, шаардын борбордук бөлүгүндө 4-8 этажга чейин чектөөлөрдү киргизүү каралууда”.
Белгиленгендей, 14-15 кабаттан бийик көп кабаттуу үйлөрдү шаардын четинде, атайын белгиленген жерлерде гана курууга уруксат берилиши мүмкүн. Мындай норма Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планында камтылган.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



