Бишкектин борбордук жана батыш бөлүгүндө жылуулук берүүнүн сапаты жогорулайт

Быйыл Бишкектин борбордук жана батыш бөлүгүндө жылуулук берүүнүн сапаты жогорулайт. Калаа башчы Айбек Жунушалиев билдиргендей, бул максатта Чүй менен Осмонкул көчөлөрүнүн кесилишинде №3 насостук станция курулуп жатат.

 

Белгиленгендей, буга чейин шаар тургундары кышкысын жылуулуктун начар берилишине нааразы болуп келишкен. Станциянын ишке кирүүсү менен 30 миңге жакын абонентти жылуулук менен камсыздоо жакшырат.

 

Кошумчаласак, бул иштердин алкагында Бишкектин бир катар көчөлөрүндө бүгүнтөн тарта 6-августка чейин ысык суу болбойт. Чектөөлөр Чүй проспектисин, Герцен, Гоголь, Сүйүмбаев, Осмонкул, Киев көчөлөрүн бириктирген бөлүктү камтыйт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.