Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылында Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун көп функционалдуу жаңы имаратынын курулушуна капсула салынды.
Президенттин иш башкармалыгынан билдиришкендей, борбор бирдиктүү терезе принциби боюнча иштеп, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн толук санариптик форматына өтүүсүнө шарт түзөт.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



