Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектисинде 1-январдан тарта убактылуу чектөөлөр киргизилет

Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектисинде 1-январдан тарта убактылуу чектөөлөр киргизилет. Мэриядан билдиришкендей, кеп анын Семетей көчөсүнөн Токомбаев көчөсүнө чейинки тилке тууралуу болуп жатат.

 

Бул чара жөө жүргүнчүлөр үчүн жер алдындагы өтмөктү жана  аялдама  комплекстерди куруу иштеринин башталышына байланыштуу кабыл алынды.