Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектисинде жер алдындагы өтмөк курулат.
Мэриянын транспорт департаментинен билдиришендей, ал “Манас” кинотеатры менен Кыргыз техникалык университетинин ортосунан өтөт. Эске салсак, муниципалитет жалпысынан 20 жер алдындагы өтмөк курууну пландап жатат. Анын төртү Айтматов проспектисинде пайда болот. Биринчи объект ачылды.



