Бишкектин Гоголь көчөсүндөгү эскирген түтүктөр алмаштырылууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган тилкедеги жылуулук түтүктөрү 1974-жылдан колдонулуп келгендиктен, эскилиги жеткен.
Оңдоо иштерине байланыштуу Москва көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейинки тилкеде унаалардын кыймылы жарым-жартылай чектелет. Түтүктөр алмаштырылып бүткөндөн кийин жолго жаңы асфальт төшөлөт.



