Бишкектин иш менен камсыз кылуу башкармалыгы жумушсуз жарандарды акысыз курстарга чакырат. Каалоочулар 60 адистик боюнча окутулат.
Учурда актуалдуу болгон IT-технологиясы, тигүү тармагы, чач тарач өнөрү, тил курстары, бухгалтердик эсеп жана айдоочулук багыттар дагы бар.
Окутуу учурунда стипендия дагы каралат. Кененирээк маалыматты башкармалыкка кайрылып билсе болот.