Бишкектин Кара-Жыгач айылында “Унаа” мамлекеттик мекемесинин жаңы заманбап комплексинин курулушу жүрүп жатат.
Жаңы имаратка мекеменин борбордук аппараты, жарандарды кабыл алуу жана автотранспорт каражаттарын каттоо кызматтары жайгаштырылат.
Ошондой эле мында айдоочулук күбөлүк алуу үчүн теориялык сынактарды кабыл алуу бөлмөлөрү жана практикалык сынактарды өткөрүүгө ылайыкталган автодромдор каралган. Объекттин курулуш иштери былтыр ноябрь айында башталган.



