Бишкектин Мурас-Ордо конушунда жаңы сквер ачылды

Бишкектин Мурас-Ордо конушунда жаңы сквер ачылды.

 

Мэриядан билдиришкендей, эс алуу аймагында аллеялар, кичи футбол талаасы, балдар жана спорт аянтчалары жана арена бар. Сквер көрктөндүрүлдү.

 

Ошондой эле көчө жарыгы жана автоматтык сугаруу системасы орнотулду. Коопсуздукту камсыздоо максатында айланасында камералар пайда болду.